Бүгүн, Ош шаардык прокуратурасында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 2024-жылдын 4-кварталындагы маселелер боюнча коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин жыйыны өттү.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
– Координациялык кеңештин 2024-жылдын 26-сентябрындагы №3/2 “Ош шаарынын ишкердик субъекттеринин ишмердигине жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр боюнча мыйзам бузуулардын жана коррупциялык схемалардын алдын алуу жана бөгөт коюу жолдору жөнүндө” токтомунун аткарылышы;
– Координациялык кеңештин 2024-жылдын 26-сентябрындагы №3/3 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде каттоодо пайда болгон укук бузуулар менен коррупциялык схемалардын алдын алуу жана бөгөт коюунун жолдору жөнүндө” токтомунун аткарылышы.
Жыйынтыгында тиешелүү мекемелердин кызмат адамдары тарабынан ишкерлердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө жана «укук бузуулардын бирдиктүү реестрине» катталган иштеринин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.