ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!

Долбоор

 

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын

УСТАВЫ

 

Биз, Ош шаарынын жергиликтүү жамааты, көп улуттуу калктын биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты чыңдоону, шаардын бардык аймактарынын тең салмактуу жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууну, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана жоопкерчилигибиз менен чечүүнү, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга кеңири катышуусун камсыз кылууну максат кылып, жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күнүмдүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул Уставды кабыл алабыз.

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Rеңешинин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.

1.2. Устав Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, ошондой эле бюджеттик процесске жана башка коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуунун формаларын жана тартибин аныктайт.

1.3. Устав Ош шаарынын аймагында жашаган жана иш жүргүзгөн бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде милдеттүү болуп саналат.

 

  1. Негизги түшүнүктөр

 

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Жергиликтүү жамаат — Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.

Жергиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылууга байланышкан маселелер.

Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген айрым ыйгарым укуктар.

Демилгелүү топ — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди демилгелөө жана чечүүгө катышуу максатында түзүлгөн ыктыярдуу бирикме.

Муниципалдык менчик — Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жана башкаруусундагы, мыйзамдарга ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше булагы боло турган мүлк.

Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сунуштоого, иштеп чыгууга катышууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө укугу.

Жарандардын жыйындары/чогулуштары, коомдук угуулар жана муктаждыктарды биргелешип иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, чечимдерди даярдоо жана коомдук пикирди эске алуу формалары.

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы (ТОС) — Ош шаарынын белгилүү бир аймагында жашаган жарандардын өз демилгеси менен түзүлгөн коомдук өз алдынча башкаруу формасы.

Кварталдык комитет — Ош шаарынын белгилүү бир кварталынын же турак жай массивинин жашоочуларынын кызыкчылыктарын билдирген жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү коомдук орган.

Коомдук угуу — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында өткөрүлүүчү ачык талкуу.

Жыйын (чогулуш) — жергиликтүү жамааттын белгилүү бир аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алууга сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өткөрүлүүчү жыйыны.

Коомдук мониторинг — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жарандар жана жарандык коом тарабынан байкоо жүргүзүү, баалоо жана сунуштарды берүү процесси.

Курултай — жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүчү кеңешүүчү мүнөздөгү жыйын, анын чечимдери сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.

 

  1. Ош шаарынын аймагы

 

3.1. Ош шаарынын аймагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген административдик-аймактык чек аралардын чегинде жайгашкан аймактарды өзүнө камтыйт.

3.2. Ош шаарынын аймагы өз алдынча административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган төмөнкү муниципалдык аймактарды камтыйт:

– Алымбек-Датка муниципалдык аймагы;

– Сулайман-Тоо муниципалдык аймагы;

– Керме-Тоо муниципалдык аймагы;

– Манас-Ата муниципалдык аймагы;

– Жибек-Жолу муниципалдык аймагы;

– Курманжан-Датка муниципалдык аймагы;

– Жапалак муниципалдык аймагы;

– Кызыл-Кыштак муниципалдык аймагы;

– Төлөйкөн муниципалдык аймагы.

3.3. Ош шаарынын курамындагы муниципалдык аймактардын, калктуу конуштардын жана башка аймактык бирдиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ош шаардык Кеңешинин чечимдерине ылайык аныкталат.

3.4. Жапалак муниципалдык аймагынын курамына төмөнкү айылдар кирет:

– Арек айылы;

– Гүлбар-Төлөйкөн айылы;

– Жапалак айылы;

– Качыбек айылы;

– Кеңеш айылы;

– Керме-Тоо айылы;

– Мээркан айылы;

– Озгур айылы;

– Орке айылы;

– Пятилетка айылы;

– Татар айылы;

– Төлөйкөн айылы;

– Тээке айылы.

3.5. Кызыл-Кыштак муниципалдык аймагынын курамына төмөнкү айылдар кирет:

– Кызыл-Кыштак айылы;
– Жаңы-Турмуш айылы;
– Андижан айылы;
– Ишкаван айылы;
– Кызыл-Байрак айылы;
– Коммунист айылы;
– Керме-Тоо айылы.

3.6. Төлөйкөн муниципалдык аймагынын курамына төмөнкү айылдар кирет:

– Дыйкан-Кыштак айылы;

– Кыргызстан айылы;

– Жапалак айылы;

– Учар айылы;

– Төлөйкөн айылы;

– Бодур-Таш айылы;

– Озгур айылы;

– Ак-Буура-1 айылы;

– Ак-Буура-2 айылы;

– Ак-Буура-3 айылы;

– Ак-Буура-4 айылы;

– Жаңы-Турмуш айылы.

3.7. Ош шаарынын аймагынын чек араларын өзгөртүү, жаңы аймактарды кошуу же бөлүп чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

  1. Жергиликтүү жамаат

 

4.1. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатын Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган, жалпы кызыкчылыктары менен бириккен жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгеси жана жоопкерчилиги менен чечүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

4.2. 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышууга жана ушул Уставда каралган башка укуктарды пайдаланууга тең укуктуу.

4.3. Жергиликтүү жамаат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык жана республикалык бирликтерге, ассоциацияларга жана башка коомдук бирикмелерге кирүүгө укуктуу.

4.4. Жергиликтүү жамаат улуттук, тарыхый, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу. Расмий символдор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгү

 

5.1. Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери боюнча каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.

5.2. Тиешелүү аймакта туруктуу же көпчүлүк убакыт жашаган адамдар шайлоого жана шайланууга байланышкан укуктардан тышкары, жергиликтүү жамааттын ишине катышууга жана ушул Уставда белгиленген укуктардан пайдаланууга укуктуу.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары

 

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:

– жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүгө катышууга;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

– демилгелүү топторду түзүүгө, жергиликтүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, аймактын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышууга;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууга;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга кайрылууларды, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды жана маалымат суроолорун берүү, ошондой эле мамлекеттик жана кызматтык сырлардан тышкары маалымат алуу;

– коомдук иш-чараларга, жыйындарга, коомдук угуулардын, шаардык кеңештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышууга;

– башка мүчөлөрдөн Уставды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону талап кылууга, зарыл учурда укук коргоо органдарына кайрылууга;

– жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоого катышууга жана бюджет боюнча маалымат алууга;

– ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын коомдук көзөмөлдөө механизмдерине катышууга;

– ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарды ишке ашырууга;

– жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары чектелбейт, мындай чектөөлөр мыйзамда белгиленген тартипте соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

6.2. Милдеттери:

 

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Уставды сактоого;

– башка мүчөлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого;

– дискриминацияга, этникалык жана социалдык конфликттерге жол бербөөгө;

– жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоого;

– санитардык эрежелерди жана коомдук тартипти сактоого;

– жайыттарды, сууну жана жалпы пайдалануудагы объекттерди пайдалануу эрежелерин сактоого;

– мыйзамда белгиленген салыктарды жана жыйымдарды өз убагында төлөөгө;

– турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардык коомдук пайдалуу иштерге, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди, жолдорду, көпүрөлөрдү жана арыктарды оңдоого, көчөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга;

– калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

– калктуу конуштарда мал кармоо эрежелерин сактоого, айдоо жерлерин бузбоого (майкандоого), талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүнө зыян келтирбөөгө, бак-дарактарды сактоого, санитардык жана ветеринардык эрежелерди сактоого;

– малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

– ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө;

– уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө жол бербөөгө;

– үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын жамаат тарабынан кабыл алынган тартипке ылайык өткөрүүгө.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилигинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз алдынча ишмердүүлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жүзөгө ашырылат.

7.2. Ош шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү орган — Ош шаардык Кеңеши жана аткаруу органы — Ош шаарынын мэриясы аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат.

7.3. Ош шаарындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү өз демилгеси, өз каражаттарынын же башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

8.1. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — Ош шаардык кеңеши жана Ош шаардык мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаардык мэрия, жергиликтүү кеңеш) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес отчет беришет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик тартышат.

8.3. Ош шаарынын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, ошондой эле жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун киргизүүдө, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап-билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн өз убагында кабарландырууга милдеттүү.

8.4. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияларга жана жыйындарга катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдеттүү. Жергиликтүү кеңеш Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.

 

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

9.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер — бул Ош шаарынын жашоо-турмушунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.

9.2. Жергиликтүү жамаат жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шартта шаардын географиялык, тарыхый, маданий, этностук жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди ушул Уставда белгилөөгө укуктуу.

9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Устав менен белгиленет.

9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын демилгеси менен түзүлгөн демилгелүү топтор тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет беришет.

 

  1. Жергиликтүү коомдук уюмдар

 

10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлердин, аксакалдардын, аялдардын, жаштардын жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

10.2. Бул уюмдардын уюштуруу жана иш жүргүзүү тартиби ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.

 

  1. Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары

 

11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.

11.2. Жыйындардын жана курултайлардын жыйынтыгында кабыл алынган сунуштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.

11.3. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү жамаат төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:

– жыйындар (чогулуштар);

– коомдук угуулар;

– ушул Уставда каралган башка формалар.

11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрүнүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.

11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү максатында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет (Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренеси).

11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн географиялык, салттык, этностук жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.

 

  1. 12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

 

12.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтомдун долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусунда каралууга тийиш.

12.2. Чет өлкөлүк жарандар, эркиндигинен ажыратылган адамдар жана аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандар демилгеге катыша албайт.

12.3. Элдик ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын аймагында, шаар аймагында согуштук абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда жол берилбейт.

12.4. Ченем чыгаруу демилгеси тартибинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеңешке киргизилбейт.

 

  1. 13. Демилгелүү топтун иши

 

13.1. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7–11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаар аймагында туруктуу жашаган жана 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашуусу менен аныкталат.

13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колдору коюлгандыгын тастыктаган кол топтоо баракчаларын топтогондон кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.

Эскертүү:

Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек жана Ош шаарларында — 5000 адамды, калкы 20 001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда — 1000 адамды, калкы 6 001ден 20 000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда — 600 адамды, калкы 6 000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда — 300 адамды түзөт.

13.3. Токтомдун долбоорун кароо жөнүндө арызга төмөндөгүлөр тиркелет:

– токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;

– токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;

– маалымкат-негиздеме;

– жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда — салыштырма таблица;

– жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, ошондой эле демилгечи топ тарабынан даярдалган токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизүүгө кол коюлган кол топтоо баракчасы.

13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы кезектеги же кезексиз туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кеңештин сессиясында каралууга тийиш. Аталган долбоорду туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессияда кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт.

13.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда өз ишин токтоткон учурда, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга тийиш.

13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.

 

  1. Элдик жыйын (чогулуш)

 

14.1. Элдик жыйын (чогулуш) жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу, ошондой эле Ош шаарынын мэринин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын маалыматтарын угуу максатында өткөрүлөт.

14.2. Элдик жыйын (чогулуш) көчөнүн, кварталдын, конуштун же кичи райондун жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштар кабыл алынат.

14.3. Элдик жыйын (чогулуш) ачык-айкын өткөрүлөт. Жыйындын жүрүшүндө берилген суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет. Ошол учурда жооп берүү мүмкүн болбогон суроолор жана сунуштар Ош шаарынын мэриясы же Ош шаардык Кеңеши тарабынан үч жумуш күнүнүн ичинде каралып, алардын жыйынтыгы боюнча жооп жазуу жүзүндө билдирилет.

14.4. Элдик жыйындарды (чогулуштарды) уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

 

  1. Элдик жыйында (чогулушта) каралуучу маселелер

 

15.1. Элдик жыйында (чогулушта) төмөнкү маселелер каралат:

– жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар;

– аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана пландары (СЭӨП ж.б.);

– көчөнүн, кварталдын, конуштун, кичи райондун көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;

– этностор аралык ынтымакты бекемдөө, чыр-чатактарды жана түшүнбөстүктөрдү алдын алуу боюнча иш-чаралар;

– муниципалдык менчикти пайдалануу жана сактоо маселелери;

– коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын тарифтери боюнча жергиликтүү жамааттын сунуштарын талкуулоо;

– аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу, турак жай-коммуналдык чарба жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери;

– курулуш, архитектура, шаар куруу ишмердүүлүгү жана башкы пландын аткарылышына байланышкан маселелер;

– жергиликтүү жамааттын демилгелери жана сунуштары;

– Ош шаарынын мэринин жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын отчеттору;

– административдик-аймактык түзүлүштү өзгөртүү боюнча маселелер;

– жергиликтүү жамааттын турмушуна жана аймактын өнүгүшүнө байланышкан башка маселелер.

 

  1. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү

 

16.1. Элдик жыйын (чогулуш) Ош шаарынын мэринин, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, депутаттардын же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.

16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча элдик жыйын (чогулуш) шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

16.4. Демилге жазуу жүзүндө Ош шаарынын мэрине же Ош шаардык кеңешинин төрагасына берилет.

 

  1. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу

 

17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.

17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.

17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына ылайык келбеген учурда же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, элдик жыйын (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

  1. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу

 

18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.

18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) жөнүндө маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.

18.3. Ош шаарынын мэриясы жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин катышуусун, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.

 

  1. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби

 

19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.

19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.

19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү аркылуу жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, Ош шаарынын мэриясына жана (же) Ош шаардык Кеңешине өткөрүлөт.

19.5. Ош шаарынын мэриясы кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.

19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.

 

  1. Коомдук угуулар

 

20.1. Коомдук угуулар — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.

20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.

20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү жамааттын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.

20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:

– жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

– өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП ж.б.);

– муниципалдык менчикти башкаруу;

– коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү;

– жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.

20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.

20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.

20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү Ош шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

 

  1. Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби

 

21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.

21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка алдын ала маалымдалат.

21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.

21.4. Коомдук угуунун жыйынтыгы протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.

21.5. Ош шаарынын мэриясы коомдук угуунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу

 

22.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык кеңеши менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.

22.2. Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.

22.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:

– жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

– мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү;

– Ош шаардык Кеңешинин депутаттары;

– Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:

 

– Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, ошондой эле жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.

– Аймакта жашаган элдин үрп-адатын жана салттарын сактап, аларды заман талабына ылайык өнүктүрөт.

– Ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө жана аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

– Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.

 

 

23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:

 

– Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үйдөн, көчөдөн, кварталдан конушка же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен иш-аракеттерге өтөт.

– Биринчи этапта жашоочулар чогулуп, таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандарды аныкташат.

– Жергиликтүү жамааттын мүчөсү шарттарды жакшыртуу максатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар, жамааттын ишине активдүү катышууга милдеттүү.

– Демилгечи жана активдүү жарандар жолугушуп, тажрыйбалуу башка жамааттардын өкүлдөрү менен таанышып, алардын иш тажрыйбасын үйрөнүшөт.

– Бардык катышуучулардын катышуусу менен эмгек акциялары (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо иштери) өткөрүлөт.

– Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан айыл же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.

– Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.

– Жергиликтүү жамааттын мүчөсү  – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.

– Демилгечи жана активдүү жарандар  жолугуп, тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.

– Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.

 

23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:

 

– Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишке ашырылышы татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түз компетенциясына кирбеген маселелерди чечүүнүн тартиби белгилениши мүмкүн.

Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чарасы колдонулат:

– эскертүү.

Эрежелердин бузулушун каттоо жана кароо иштери жамааттын кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзүлөт.

 

23.3. Ош шаарынын аймагында мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери:

 

– Мал-жандыктарды, иттерди, мышыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ветеринардык-санитардык талаптарга жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

– Ар бир кожолук өзүндө кармалган малды, ит-мышыкты белгиленген тартипте каттоодон өткөрүүгө, ошондой эле ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.

– Ош шаарынын аймагында малды (ири жана майда мүйүздүү мал) кармоо жана жайуу тартиби шаардык муниципалдык органдар тарабынан аныкталган атайын бөлүнгөн аймактарда гана жүргүзүлөт.

– Шаардын көчөлөрүндө, сейил бактарында, аянттарында, коомдук эс алуу жайларында жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда малды бош багууга тыюу салынат. Иттер жана мышыктар коомдук жайларда ээсинин коштоосунда жана байланган абалда болушу керек.

– Кароосуз жүргөн жаныбарлар аныкталган учурда, алар убактылуу кармоочу жайларга жайгаштырылат. Ээси аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик маселеси каралат.

– Малдын шаар аймагындагы көчөлөрдө жана тыюу салынган жерлерде жүрүшү болбойт.

– Мал чарбачылыгын уюштуруу жана көзөмөлдөө максатында шаар четиндеги жана белгиленген аймактарда тиешелүү тартипте ыйгарым укуктуу органдар тарабынан контролдоо жүргүзүлөт.

– Мал ээлери же жооптуу адамдар тарабынан эгиндерге, жашыл зоналарга же жеке менчикке зыян келтирилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

 

23.4. Ош шаарынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлерди пайдалануу тартиби:

 

– Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык жарандар эркин жана тоскоолдуксуз пайдалана ала турган муниципалдык коомдук аймактар болуп саналат.

– Аларга жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, жашыл зоналар, коомдук эс алуу жайлары, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу аянттары, суу объекттеринин жээктери, пляждар, ошондой эле башка муниципалдык жалпы пайдалануудагы аймактар кирет.

– Бул жерлердин чек аралары белгиленген тартипте аныкталып, шаардык пландоо жана жер кадастрдык документтерде бекитилет.

– Жалпы пайдалануудагы жерлерди жеке менчикке өткөрүүгө жана сатууга тыюу салынат.

– Убактылуу соода объекттерин жана коомдук тамактануу жайларын жайгаштыруу мыйзамда белгиленген тартипте берилген уруксаттын негизинде гана жүргүзүлөт.

– Бул жерлерди санитардык абалда кармоо жана тартипти сактоо иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматтарынын жана калктын катышуусунда жүзөгө ашырылат.

– Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.

 

23.5. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жайларын пайдалануу жана кармоо тартиби:

 

– Көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жайларына подъезддер, тепкич аянтчалары, лифттер, чердак, подвал, үйдүн жалпы инженердик тутумдары жана үйдүн жалпы пайдалануудагы аймагы кирет.

– Бул жайлар көп батирлүү үйдүн менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык башкарылат.

– Жалпы мүлктү кармоо, оңдоо жана санитардык абалда сактоо иштерин башкаруучу компаниялар же менчик ээлеринин бирикмелери (ТСЖ) жүзөгө ашырат.

– Үйдүн короосу жана жалпы пайдалануудагы аймагы санитардык талаптарды сактоо менен тартипте кармалышы керек.

– Жалпы пайдалануудагы жайларды максатсыз пайдаланууга, зыян келтирүүгө же бузууга тыюу салынат.

 

23.6. Ош шаарынын аймагында сугат суусун биргелешип пайдалануу тартиби:

 

– Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууну уюштурат жана тиешелүү муниципалдык кызматтар аркылуу көзөмөл жүргүзөт.

– Суу пайдалануучулар болуп жарандар, уюмдар, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар эсептелет.

– Сугат суусу жашыл зона, жеке турак жай аймактары, айыл чарба багытындагы жерлерди, ошондой эле мал чарбачылыгында сугаруу максаттарында пайдаланылат.

– Сугат суусун бөлүштүрүү жана сугаруу графигин бекитүү жана көзөмөлдөө Ош шаарынын муниципалдык органдары тарабынан, ал эми айылдык аймактык башкармалыктарда (Жапалак, Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн) – суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

– Көрсөтүлгөн айылдык аймактарда сууну сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында мураб же жооптуу өкүл дайындалат.

– Сугат суусун максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежелерди бузуу болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

– Суу пайдалануу тартибин бузуу фактылары боюнча чаралар мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлөт.

 

23.7. Ош шаарынын аймагында ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу тартиби:

 

– Ичүүчү сууну пайдалануу Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамы менен жөнгө салынат.

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну уюштурууга милдеттүү.

– Ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтары абоненттер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлөт.

– Суу пайдалануучулар ичүүчү суунун сапаты жана санитардык нормаларга шайкештиги жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

Абоненттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

– суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, аны сактоого жана тоңуудан коргоого;

– керектелген ичүүчү суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчтөрү боюнча өз убагында акы төлөөгө.

– Ичүүчү суунун сапаты санитардык талаптарга жооп бербеген учурда, тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматтар калкты өз убагында кабардар кылууга милдеттүү.

– Ичүүчү суу менен камсыздоо жана пайдалануу тартибин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

– Бул укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулат.

 

23.8. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу тартиби:

 

– Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын канааттандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлөт.

– Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер), спорттук жана башка коомдук маанидеги иш-чаралар кирет.

– Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде Ош шаарынын мэриясы, аймактык башкармалыктар жана башка тиешелүү органдар менен макулдашылып, жылдык планга ылайык уюштурулат. Зарыл болгон учурларда планга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

– Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду жана башка маалыматтар) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруулар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана башка байланыш каражаттары аркылуу жамаатка жеткирилет.

– Ишембиликтер жана эмгек акциялары жалпы кызыкчылыктагы иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти жана ынтымакты чыңдоого багытталат.

– Жамаат мүчөлөрүнүн мындай иш-чараларга катышуусу колдоого алынат жана шыктандырылат. Катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жарандар иш-чараларга башка мыйзамдуу жолдор менен (уюштурууга көмөк көрсөтүү, материалдык же башка формада колдоо көрсөтүү ж.б.) катыша алышат.

 

23.9. Ош шаарынын аймагында коомдук тартипти сактоого катышуу тартиби:

 

– Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдарынын жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуу жүзөгө ашырылат.

– Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип коомдук тартипти сактоого катышат.

– Калктуу конуштарда ыктыярдуу негизде коомдук тартипти сактоо боюнча топтор (элдик дружиналар) түзүлүшү мүмкүн.

– Коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу топтор (элдик дружиналар) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каттоого алынат жана ички иштер органдары менен биргеликте мүчөлөрүнүн укук-милдеттери түшүндүрүлөт, ошондой эле аларды күбөлүк жана айырмалоочу белгилер менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүлөт.

– Коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу топтор (элдик дружиналар) ички иштер органдары менен макулдашылган графиктин негизинде коомдук жайларда профилактикалык иш-чараларга катышат.

– Ыктыярдуу топтор (элдик дружиналар) ички иштер органдары жана Аксакалдар соту менен тыгыз кызматташып, коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турушат.

 

23.10. Жергиликтүү жамаатта адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:

 

– Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо жамаатта ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөөгө багытталат. Жамаат мүчөлөрү улуттук маданий мурастарды урматтоого жана сактоого көмөк көрсөтүшөт.

– Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо жамааттын маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

– Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.

– “Ош шаарынын күнү” жыл сайын 5-октябрда расмий түрдө белгиленип, жамааттын жетишкендиктери жамаат мүчөлөрүнүн катышуусунда белгиленет.

– Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат.

 

23.11. Ош шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү тартиби:

 

– Жамаат баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салт-санаага ылайык жана мыйзамдарга шайкеш өткөрүүнү колдойт.

– Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн жалпы тартиби жамаат мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен, мыйзамдарга ылайык жыйындарда жана коомдук талкууларда иштелип чыгып, бекитилиши мүмкүн. Ысырапкорчулукка жана ашыкча чыгымга жол берилбейт.

– Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Президенттин тиешелүү актылары жетекчиликке алынат. Салтанаттарды уюштуруунун тартиби жамаат мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген ченемдердин негизинде аныкталат.

 

 

 

23.12. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү тартиби:

 

– Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен, улуттук салт-санаага жана мыйзам талаптарына ылайык өткөрүлөт. Ысырапкорчулукка жана ашыкча шаңданууга жол берилбейт.

– Маркумга байланышкан негизги иш-чараларга сөөк коюу, жети, кыркылык жана аш берүү кирет.

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Президенттин тиешелүү актыларын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында маркумду эскерүү иш-чараларын өткөрүүнүн жалпы тартиби мыйзамдарда белгиленген чектердин негизинде жамаат мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

23.13. Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды жөнгө салуу (чечүү) тартиби:

 

– Жергиликтүү жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.

– Чыр-чатактар ар кандай себептерден келип чыгышы мүмкүн жана алар терс же көйгөйдү чечүүгө багытталган мүнөздө болот.

– Эки же андан көп тараптын ортосунда чыр-чатак чыккан учурда аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топтун курамына жергиликтүү кеңештин, мэриянын, аксакалдар сотунун, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.

– Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп жүргүзөт жана ачык талкуу өткөрөт. Топтун мүчөлөрү өз пикирлерин билдирип, жалпы талкуунун негизинде жыйынтык корутунду чыгарат.

– Эгер тараптар калыс топтун жыйынтык корутундусу менен макул болбосо, маселе мыйзамдарда белгиленген тартипте кайрадан каралууга же тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу жолу менен чечилет.

 

23.14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:

 

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук түзүмдөр мыйзамдарга жана бекитилген жоболорго ылайык калк алдында отчет беришет.

– Отчет угуу убактысы жамааттын (кичи кеңештин) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен, калктын пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана калкка кабарланат.

– Отчетторго жамааттын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат, суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча отчетко “канааттандырарлык” же “канааттандырарлык эмес” деген баа берилет.

 

23.15. Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:

 

– Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.

– Алака жүргүзүү ушул Уставга, катышуучу жамааттардын уставдарына жана тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашууларына ылайык ишке ашырылат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду

 

Фондду түзүү жана каржылоо:

– Жамааттын мүчөлөрү фондго ыктыярдуу негизде, жыйналышта макулдашылган өлчөмдө салым кошушат.

– Бул маселе жамааттын чогулуштарында, квартал, көчө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жыйналыштарында талкууланып, макулдашылат.

Кошумча салымдар:

– Фондго жамаат мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да мыйзамга ылайык ыктыярдуу салым кошо алышат.

Каттоо:

– Фонд “Коомдук фонд” катары коммерциялык эмес уюм болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтөт жана иш алып барат.

Фонддун каражаттарын колдонуу:

– Каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Долбоорлор ар түрдүү багыттарда болушу мүмкүн:

– ишкердик (бизнес-инкубатор);

– өнөр жана кесиптик окутуу;

– адеп-ахлактык тарбиялоо.

Долбоорлорду тандоо жана каржылоо:

– Долбоорлор конкурстук комиссия тарабынан каралат. Комиссиянын курамына абройлуу адистер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет.

– Тандалып алынган долбоорлор фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат.

 

 

 

 

  1. 25. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

 

25.1. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт.

25.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттары:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;

– социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын мониторинг жүргүзүү;

– кызмат көрсөтүүлөрдү жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

– этностор аралык мамилелердин абалына мониторинг жүргүзүү.

25.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү үчүн жергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.

25.4. Жумушчу топтордун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү кире алат. Жумушчу топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

25.5.  Жумушчу топтор:

– маалыматтарды жана документтерди талдоого;

– сурамжылоолорду жүргүзүүгө;

– долбоорлордун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын мониторинг жүргүзүүгө;

– сунуштарды берүүгө укуктуу.

25.6. Биргелешкен мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланат жана талкууга чыгарылышы мүмкүн.

 

  1. Муниципалдык менчик

 

26.1. Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда жана тескөөсүндө турган, жергиликтүү бюджеттин кирешесинин булагы болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын жүзөгө ашырууга багытталган жергиликтүү жамааттын менчиги.

26.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу аркылуу муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө катышат. Мындай кайрылуулар тиешелүү чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралат.

26.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.

26.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.

 

  1. Жергиликтүү бюджет

 

27.1. Жергиликтүү бюджет Ош шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан аткарылат.

27.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралып, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.

27.4. Бекитилген бюджет жана анын аткарылышы боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.

 

  1. Сыйлоо чаралары

 

28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:

– Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;

– жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;

– жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;

– кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишмердүүлүк;

– аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;

– жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу.

Сыйлоо түрлөрү:

– алкыш жарыялоо;

– баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана грамоталар;

– ардактуу наамдар:

  • “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл/коңуш/кичи район”;
  • “Ош шаарынын ардактуу атуулу”, “Муниципалдык/айылдык аймактын ардактуу атуулу”;
  • Ардак тактага киргизүү, Ардак китепчеге каттоо;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.

Сыйлоо тартиби:

Сыйлоого сунуштоо жашоочулардын чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.

Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:

  • “Ош шаарынын ардактуу атуулу” – эң жогорку наам;
  • бул наам аймактын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон жарандарга ыйгарылат.

28.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

28.3. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин чечимдери менен аныкталат.

 

  1. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

29.1. Кызмат адамдары Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

  1. 30. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби

 

30.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин Ош шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамаат мүчөлөрүнүн же шаардык кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси менен киргизилиши мүмкүн.

30.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин, уставдын тексти Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.

 

 

 

Окшош жаңылыктар

713144819_1337469445238616_333470960194349405_n

Ош шаарында заманбап Жаштар борбору пайдаланууга берилди

708136534_1331033745882186_8341013563047170688_n

Борбордук аянтта айт намазы окулду

707592150_1330446359274258_9157558312651085479_n

Ош шаарында сел коркунучуна каршы даярдык күчөтүлдү

WhatsApp Image 2026-05-25 at 12.57.43

Коомдук угууга чакырабыз!

703101580_1327284952923732_5287429554267169505_n

1-ИЮНЬ – БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ!

705246962_1326133623038865_4784219841595129891_n

Шаар тургундарына эскертүү!

Видео

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.