Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейддик кыдыруусунда берилген протоколдук тапшырмасына ылыйык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тротуарлардын боюнда жайгашкан тосмолорду, шаардын көркүн бузуп жаткан мыйзамсыз, убактылуу объектилерди бузуп, алып салуу, аны менен бирге жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жашыл аймактарды жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлө баштады.
Буга чейин мыйзамсыз курулган объектилердин ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.