Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдер маселеси” аттуу конференция өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
Конференцияда, КР мыйзамдарында, иш кагаздарында колдонулган терминдерди которуу жана бирдейлештирүү, салык кодексинде, ченемдик-укуктук актыларда атоолордун мамлекеттик тилде колдонулушу жөнүндө маселелер талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү резолюция кабыл алынды.