Бүгүн, Бабур атындагы театрда “Шалкан” аттуу инклюзивдүү спектаклдин премьерасы өттү.
Театр сахнасында алгачкы жолу майыптыгы бар балдар театр чеберлери менен биргеликте өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Маданий иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү катышып, жаш артисттерге ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле атайын белектерди тапшырышты.
Белгилей кетсек, майыптыгы бар балдар август жана сентябрь айларында Бабур атындагы театрынын актёрлорунан жана режиссёрунан сахна чеберчилиги, вокал, хореография, сахнадагы кыймылдардын координациясы, пластика жана бий боюнча билим алышкан.