Үч күнгө созулган форум өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды, студенттерди, мектеп окуучуларын, жаш ишкерлерди, мугалимдерди жана коомдук активисттерди бириктирди.
Форумдун алкагында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер, “Бирге” ыктыярчылар форуму, “Акылман Ордо” интеллектуалдык оюндары, жаш ишкерлердин бизнес-форуму, жаш мугалимдердин, 100 лидердин жолугушуулары жана TECHNOFEST ойлоп табуучулар фестивалы сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Бүгүн 10-ноябрь күнү, Ош шаарынын борбордук аянтында форумдун негизги бөлүгү жана салтанаттуу жабылыш аземи өттү.
Форумдун расмий бөлүгүнө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана Кыргыз жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев өз сөзүндө жаштарды форумдун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктап, жаштар өлкөнүн келечеги жана коомдун өнүгүшүндөгү негизги кыймылдаткыч күч экенин белгиледи. Ошондой эле жаштарга билим алууда ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багындырууну, алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалап, демилгелүү болууга, жаңы идеяларды ишке ашырууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү салым кошууга чакырды.
Форумдун жүрүшүндө шаардагы коомдук иштерге активдүү катышып, жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана түрдүү демилгелерди ишке ашырууга салым кошкон бир катар жаштар Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Форумдун жабылыш аземи чоң концерттик программа менен коштолуп, борбордук аянтта майрамдык маанай тартууланды.

