Бүгүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпиоозотияга каршы комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2024-жылдын 25-январына карата кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы, илдеттин алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө маселелер каралды.
Ошондой эле кызамык илдетинин катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди.
Соңунда шаар бийлиги тарабынан Ош шаарынын казыяты, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана саламаттык сактоо кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте эмдөөгө каршы чыккан жарандар арасында кызамык илдети тууралуу маалыматты жеткирүү, түшүндүрүү иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.