Жарандардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери тиешелүү укук коргоо органдары менен биргеликте саат 03:00дөн баштап Ленин көчөсүндөгү (Тешик-Таш аймагы) автоунаа жана жөө адамдар жүрүүчү жолдорду, тротуарларды башаламан, мыйзамсыз соода-сатыктан бошотуу жана мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирүү максатында (мындан ары туруктуу негизде) көзөмөл жүргүзүштү.
Иш-аракеттердин алкагында соодагерлерге уруксат берилбеген жерлерде соода кылууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаар жетекчилигинен тиешелүү кызматтарга аталган көчөдө көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.