Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин иш кагаздарын жүгүртүүдө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу жана сабаттуулукту арттыруу максатында кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын мамлекеттик тилди пайдалануу талабынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай окуу-семинарлары жыл бою улантылат. Бул жолу шаардагы 80 ге жакын мекеме-ишканалардын тиешелүү адистери окутулду.