Бүгүн, “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясында муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын ортосундагы кызматташуу боюнча талкуу орун алып, бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча бул тараптардын ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер иштелип чыгат.
Белгилей кетсек, “Аракет” долбоорунун биринчи этабында эки муниципалдык аймактык башкармалыгында инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.