Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кыргыз тилинде жазуу иштерин жүргүзүүдө, пикир алышууда сабаттуулукту арттыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрүп жатат.
Мындай окутуулар жыл башынан бери ар квартал сайын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүндөгү 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалыктардын кат менен иштөөчү бардык кызматкерлери катышууда.