Бүгүн 28-мартта, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана долбоордук уюмдардын өкүлдөрү менен Мамыров көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жүргүзүлө турган жумуштардын жалпы узундугу 7,5 чакырымды түзүп, анда долбоорго ылайык, көчөнү бойлой жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды, көпүрөлөрдү куруу, ирригациялык тармактарды, түнкү жарыктандыруу системасын орнотуу, суу түтүктөрүн өткөрүү иштери аткарылат.
Жумуштарды ДЭП-21 ишканасы жүргүзөт.