Бүгүн, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Манас» театрынын өнөрпоздорунун “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концерти өттү.
Концертте акындардын айтышы, комуз күүлөрү, залкарлардын термелери жаңырып, обондуу ырлары аткарылып, көрүүчүлөрдүн жарпын жазды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, комуз менен төкмөлүк өнөр кыргыздын байыркы мурасы экендигин белгилеп, акындарга ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, салттуу музыкалык маданиятты сактап келе жаткан акындар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.