Бүгүн, Ош шаарында медицина кызматкерлери арасында аталган тармакта коррупциянын алдын алуу, аны менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын башчысы Даниэль Рысалиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун ИИБ башчысы Нурланбек Бурканов катышты.
Иш-чарада кызматкерлерге коррупциянын кесепеттери жана мыйзам боюнча жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат берилди. Андан тышкары, атайын видеоматериалдар көрсөтүлүп, таза иштөө жана ак ниет кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгү боюнча айтылды.
Ошондой эле, коомдогу коррупцияны азайтууга багытталган аракеттер мындан ары да улантылары белгиленди.