Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында иш-чаралар өткөрүлө баштады.
Алсак, бүгүн Ош шаарындагы мектептерде ачык сабактар жана эркин форматтагы класстык сааттар өткөрүлүп, анын алкагында окуучуларга ден-соолукка туура кам көрүү, чыңдоо, алдыда боло турган спорттук иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, мектеп окуучуларын спортко тартууга мындан ары да өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.
Окуучулар спортту өнүктүрүү боюнча өз ой-пикирлерин айтышып, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты.