Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов элдик жыйында түшкөн арыз, кайрылууларга ылайык, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Водозаборная, И.Закиров, Мамыров, Д.Садырбаев, Т.Атабаев, №49, Амир-Тимур көчөлөрүндө жашаган эл менен жолугушуп, айтылган көйгөй, маселелерди жеринен көрүп чыкты.
Калаа башчысы айтылган маселелерди карап чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине аймактагы маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын киргизүү, айрым маселелерди талдап чыгуу, талапка ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Аймакта жолдорго асфальт төшөө, балдар аянтчаларын, ирригациялык тармактарды жана тротуарларды куруу, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө, кичи автобустардын каттамдарын уюштуруу, уруксаты жок курулуштарды алып салуу боюнча маселер бар.