Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Ош шаарынын курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Калаа башчысы куруучуларды ачык жана таза иштөөгө үндөп, жергиликтүү бийлик тарабынан курулуш тармагын өнүктүрүүдө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
Мындан сырткары, Жеңишбек Токторбаев коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жана калаа тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бирге иш алып барууга, курулуш иштеринде ачыктыкты камсыздап, жумушчулардын так санын жашырбай, жергиликтүү казынага салыктарды убагында төгүү менен бюджетти көбөйтүүгө чакырды.