Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Мында, аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду.
Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.
Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектеп, бала бакчаларды куруу, жер мунапысы, трансформацияланган жана сугат жерлерди карап чыгуу, кош каржылоо программасынын алкагында канализацияга, газга коштуруу, экология маселелерин көтөрүштү.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жарандардын кайрылууларына жооп берүү менен бирге айтылган маселелер боюнча жерине барып, жакындан өзү таанышып чыгарын билдирди.
Ошондой эле жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. @oshmeriya