Бүгүн, Ош шаарындагы жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлерине мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мекеме-ишкана жетекчилери, агартуу тармагынын өкүлдөрү катышты.
Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан сөз сүйлөп, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип келе жаткан бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Ошондой эле Ош шаардык кеңеши, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү кызматкерлерине Ардак грамоталар ыйгарылды.
Майрамдык иш-чара маданий концерттик программа менен жыйынтыкталды.