2024-жылдын 4-сентябрында Ош шаардык Ардагерлер Кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери Салима Шарипова мезгилсиз дүйнөдөн өттү.
Шарипова Салима 1950-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында туулган.
Билими жогорку, 1973-жылы Тамак-аш өндүрүштөрүнүн Москва мамлекеттик университетин (мурдагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү технологиялык эт жана сүт өнөр жай институту) ийгиликтүү аяктап, инженер-технолог адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1973-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Москва облусунун сүт өнөр жай бирикмесинин инженери болуп иштөдөн баштаган.
1974-жылы Ош шаарынын комсомол комитетинин инструктору;
1975-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин жооптуу кызматкери;
1977-1987-жылдары Жалал-Абад сүт комбинатынын өндүрүш башчысы, директордун орун басары;
1987-1990-жылдары Жалал-Абад сүт комбинатындагы мамлекеттик кабыл алуунун Министрликтеги өкүлү, Фрунзе шаары;
1990-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жаратылыш байлыктарынын илимий-изилдөө институтунун Ош шаарындагы илимий кызматкери;
1991-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук маалымат борборунун Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси;
1998-1999-жылдары “Наша газета” өкмөттүк гезитинин Жалал-Абад облусу боюнча өз корреспонденти;
2006-2014-жылдары Чүй университетинин Бишкек колледжинин директорунун орун басары, Чүй университетинин президентинин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, пресс-кызматынын башчысы;
1999-жылдан өмүрүнүн акырына чейин эл аралык беш тилдүү «Ош альманахы» журналынын башкы редактору болуп эмгектенген.
Ал коомчулукка жазуучу, чыгармачыл инсан катары да таанымал болгон. Анын «На берегах любви» китеби орус, тажик тилдерине, «Ак таңдар» китеби өзбек тилине которулуп, автордун 50 жылдык мааракесинде «Курбони бемехри» спектакли Ходжент театры сахналаштырылган. «Там, где рождается радуга», «Дорога в завтра», «На том берегу Пянджа» аттуу телеочерктер телеканалдар жана «Интерньюс» аркылуу да көрүүчүлөргө жеткирилген.
1970-жылы Москва шаарында өткөн Коомдук илимдердин проблемалары боюнча студенттердин эмгектеринин Бүткүл союздук конкурсунун лауреаты, 1-Эл аралык студенттик конференциянын 1-даражадагы дипломанты сыйлыгына ээ болгон.
Көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана ийгиликтүү жүргүзгөн иш аракеттеринин натыйжасында “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы жана Кыргыз Республикасынын “Ардактуу айымы” төш белгиси ыйгарылган.
Маркум өз өмүрүндө коомдук-саясий жана гуманитардык багыттардагы активдүүлүгү үчүн бир катар сыйлыктардын ээси болгон:
1984-жылы Москва шаарындагы профсоюздардын Бүткүл союздук Борбордук советинин (ВЦСПС) Ардак грамотасы менен;
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Манастын 1000 жылдыгына карата Юбилейлик медалы менен;
1999-жылы Тажикстандын Президенти тарабынан Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары декларациясынын 50 жылдыгына карата тең укуктар үчүн Эл аралык сыйлыгы менен;
2002-жылы Ооганстанга колоннаны узатууда көрсөткөн эрдиги үчүн “Эрдик” төш белгиси менен;
2003-жылы Ош облусунун Ардак грамотасы менен;
2004-жылы Ош шаарынын Ардак грамотасы менен;
2006-жылы Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эрдик” медалы менен;
2007-жылы Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эрдик” медалы менен;
2010-жылы Тынчтык жана ынтымак Федерациясынын Ардак грамотасы менен;
2016-жылы Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен;
2016-жылы “Кылым залкары – Гений века” алтын төш белигиси менен;
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттар Форумунун “Датка Айым” медалы менен;
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен;
2018-жылы ЮНЕСКОнун грамотасы менен;
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун “Сиңирген кызматы үчүн” медалы менен;
2018-жылы Россия Федерациясынын Карачаево-Черкессияда өткөн IX Эл аралык жаш дизайнерлердин, этномода чеберлеринин конкурсуна Ош шаарынан Кыргыз-Өзбек университетинин студенттеринин катышуусуна шарт түзгөндүгү үчүн Сыйлоо барагы менен;
2020-жылы 70 жылдыгына карата Бириккен улуттар уюмунун Программасынын негизинде “XXI кылымдын Жер шарынын Ардактуу атуулу” Сертификаты менен сыйланган.
Салима Шарипова Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышып, республиканын өнүгүшүнө, өзгөчө проза жаатына зор салым кошкон чыныгы мекенчил инсан болгон.
Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. Салима Шарипованын жаркын элеси биздин, мекендештеринин жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Ош шаарынын мэриясы маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Б.Ж.Жетигенов, С.С.Назылбеков, Ш.Ш.Нуранов, М.А.Исаев, З.Б.Юсупов, С.К.Жунусбаев, Н.С.Кадыров, А.Кубатбек уулу, Б.Ы.Карыбеков, Б.А.Нурунбетов, А.Мырзакаримова жана башкалар.