Ош эл аралык аэропортунда Париж Олимпиада оюндарына бокс боюнча лицензиялык турнирди жеңип, лицензия уткан Мунарбек Сейитбек уулун Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кубатбек уулу Азат, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар жана спортчунун жакындары, күйөрмандары чогу тосуп алышты.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу Бангкокто (Таиланд) өткөн лицензиялык турнирде өз салмак категориясында (57 кг чейин) Индиялык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште толук жеңишке жеткен.
Бул лицензия аталган салмак категориясы боюнча Олимпиада оюндарынын акыркысы. Белгилей кетсек, Сейитбек уулу Мунарбек Кыргызстан боюнча Олимпиада оюндарына бокс боюнча лицензия алган жалгыз мушкер.