Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук балдар ооруканасынын гематология жана онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан 29 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды.
Мэр балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга тез күндө айыгып кетүүсүн каалады.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдардын билимин жогорулатуу үчүн атайын окуу классы уюштурулган. Бул жерде 5 мугалим күн сайын балдарга сабак өткөрүшүүдө.