Ош шаарында Ош көчөсүнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүктө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Бузуу иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүп, «кызыл сызыктан» чыгып кеткен имараттарды алып салууда.
Белгилей кетсек, жолдун узундугу 500 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган.
Жумушту толук бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына белгиленген.