Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерин жеринен көрүп чыкты.
Азыркы учурда аталган көчөдө жолду асфальттоого даярдоо жана ирригациялык тармактарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жумуштарга жергиликтүү тургундар кол кабыш кылып, колдоо көрсөтүп жатышат.
Жолдун узундугу болжол менен 420 метр, туурасы 12 метрди түзүп, долбоорго ылайык анын эки тарабына тротуар басылып, ирригациялык тармактар орнотулуп, жарыктандырылат.