Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйында муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысынын 2023-жылга карата маалыматы угулду.
Жергиликтүү жашоочулар негизинен социалдык, коммуналдык, чарба, экологияга байланышкан көйгөйлөрүн айтышты.
Мэр Бакытбек Жетигенов жашоочулар тарабынан берилген суроолордун баары маанилүү экендигин белгилеп, жоопторду берди. Ал эми айрым көйгөйлүү маселер менен жеринен көрүп чыгып, чечүү жолдорун карап чыгарын билдирди.
Ошондой эле тиешелүү кызматтардын жетекчилерине айтылган маселелерди жеринде чечүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.