Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Альберт Зульхарнеев баштаган жумушчу топту кабыл алды.
Жолугушууда тараптар, маданият, билим берүү, туризм жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине Ош шаары боюнча илим жана маданият борборунун жетекчисинин жаңы дайындалган орун басары Дмитрий Аврам тааныштырылды.
Нурбек Кадыров Орусия кызматташтыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз жана туруктуу байланыштарды түзүп жатканын белгилеп, Ош шаарында шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен иш-чараларды көбөйтүүгө чакырды.
«Ош шаарында бир катар социалдык жана инфраструктуралык имараттардын капиталдык куруу иштери жүргүзүлүп жатат, анын ичинде борбордук стадион, улуттук драма театрынын айланасы толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүлүүдө. Быйыл күзүндө ал жерлерде маданият, билим, спорт, туризм тармагында биргеликте иш-чараларды өткөрүүгө болот», – деп билдирди Нурбек Кадыров.
Коноктор эки элди бириктирген жалпы маданий мурастарды белгилешип, Ош шаарынын мектептеринде орус тили мугалимдеринин ишин уюштуруу боюнча сүйлөшүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.