ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат

Ош шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасалып, түштүк айланма жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Кол коюуга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол-курулуш компаниясы» акционердик коомунун директору катышты.
Бул ири долбоордун алкагында жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн заманбап автомобиль жолун, транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу пландалууда.
Түштүк айланма жолунун курулушу ишке ашырылган учурда шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга өбөлгө түзөт.

Окшош жаңылыктар

887990624_1473154931670066_8176454939770159492_n

“Коопсуз үй-бүлө — туруктуу коомдун негизи”

884929738_1472964365022456_1948704941028019638_n

Ош-АКШ: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жаңы өнөктөштүккө карай кадам

885096944_1831729384534111_7739638159318503010_n

Кулактандыруу! Аукцион!

871895424_1472183578433868_4777033281572879138_n

V Элдик Курултай: Ош шаарынын делегаттарынын жыйыны өттү

f1efb23d-9d86-49c5-9087-a8d34da26556 (1)

Ак-Тилекте ички көчөлөр асфальтталып, жолдор жаңыланууда

872514177_1471952108457015_3750074821864054205_n

Жарандарды кабыл алуу: Эрнис Толтоев шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Видео