Бүгүн, 4-ноябрда, Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын укуктарын коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө маселелерине арналган “Коопсуз үй-бүлө — коопсуз өлкө” форуму өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Форумда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле үлгүлүү үй-бүлөлөргө жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө салым кошкон жарандарга Ардак грамоталар тапшырылып, Ч. Айтматов атындагы жаштар театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан тарбиялык маанидеги сахналык көрүнүш тартууланды.

