Бүгүн, 27-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы башталып, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, депутаттар, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралууда:
– 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландоо;
– Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы “Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
– Ош шаарынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетине (бириктирилген) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору бекитүү жөнүндө;
– Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак-жай имараттарына жана жайларына мүлк салыгын эсептөөдө мүлктүн ар бир чарчы метрине салык ставкасын бекитүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө” №143 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
– Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500,0 млн. сом акча каражатына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаарынын айрым географиялык обьекттерине аталыштарды ыйгаруу жөнүндө.