Бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы болуп жатат.
Ага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
– Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жөнүндө;
– “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү алмашуу жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө;
– Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13- сентябрындагы “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайын өткөрүү жөнүндө”№164 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
– Кара – Суу районуна караштуу Кызыл – Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчигинен 3 гектар жертилкесин Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө;
– Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы жер мунапысынын субьектисине бекитилип берилүүчү жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;
– Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө;
– Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ошондой эле башка кошумча маселелер каралууда.