Ага Ош шаардык Кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, мэрдин орун басарлары, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышууда.
Сессиянын күн тартибинде “Ош ТВ” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы, Ош шаарынын мэриясынын шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча аткарылып жаткан иштер жана башка маселелер болуп, жалпы 12 маселе каралууда.