Бүгүн, 27-декабрда Ош шаардык кеңешинин XXII сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Сессиянын күн тартибинде жалпы 12 маселе каралып, суроо-жооптор берилип, аталган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынууда.