Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIV биргелешкен сессиясы болуп өтүп, ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык Кеңешинин, Ош облусунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык Кеңештеринин, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участокторунун депутаттары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессиянын күн тартибинде Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту каралып, жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен канаттандыраарлык деп жактырылып, токтом долбоору кабыл алынды.