Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде туризм, соода, инвестициялык өз ара байланаштырды бекемдөө, тиешелүү жол картасынын ишин кеңейтүү алкагында Ош шаары менен Андижан шаарынын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү багытында маселелер талкууланды.
Марс Исаев туристтик байланыштарды бекемдөө менен бирге санариптик технологиялар тармагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тууралуу сөз кылды.
Соңунда Ош шаарынын мамлекеттик мекемелеринин жана муниципалдык кызматтарынын кызматкерлерине аталган багыттар боюнча билимдерин жогорулатуу максатында маалыматтык кампанияларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.