Бүгүн, Ош шаарына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк жумушчу топ жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү келишти.
Аларды Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алууга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов катышты.