Эки боордош элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борбору Өзбекстан Республикасынын «Ватандошлар» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен маданий иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чарада Өзбекстан Республикасынын маданий ишмерлери тарабынан музыка ышкыбоздоруна жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, Өзбекстан Республикасынын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана шаар тургундары катышты.
Ушундай эле маданий иш-чаралар Жалал-Абад, Раззаков (Исфана) шаарларында да өткөрүлүүдө.