Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Коллегиялык жыйында:
Ош шаарынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилип, 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө айтылды.
Ош шаарынын 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө маалымдалды.
Жыйындын соңунда, күн тартибине коюлган маселелер боюнча суроолор берилип, шаар мэри тарабынан бир катар талаптар жана сунуштар айтылды.