Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Ош шаарынын Мээркан айылында жаңыдан курулган Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин ачылышы болду.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жергиликтүү тургундарды аталган мектептин ачылышы менен куттуктап, курулушка көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди. Айта кетсек, жаңы салынган имарат 225 окуучу орунга ылайыкташкан.
Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу үчүн керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн. Класттык бөлмөлөрдөн сырткары, спорттук аянттар, суу сактагыч, автономдуу жылуулук системасы бар.