Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты.
Шаар мэри Аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгилеп, бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктады.
Иш-чарада Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн эл аспаптар оркестринин концерти тартууланып, жалпы 700дөн ашуун айымдарга майрамдык белектер тапшырылды.