Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары катышты.
Иш-чаранын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюлуп, «Блокада наны» акциясы уюштурулду.
Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңден ашууну балдар болгон. Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күнгө созулган. Анын курмандыктарынын так саны белгисиз, ар кандай булактар боюнча 400 миңден 1,5 миллионго чейин жетет.