Бүгүн, 30-декабрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматында «ЭлПласт» ЖЧКсынын ирригациялык системалар үчүн полипропилен жана полиэтилен түтүктөрүн чыгарууга адистешкен ишкананын ачылышы болду.
Белгилей кетсек, 100дөн ашуун жумуш орунга ылайыкташкан ишкана тарабынан айына 150 тонна өндүрүш чыгарылат.