31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.
Саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында чет элдик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган улуттук спорт оюндар жана мелдештер, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун бий топтору тарабынан концерт өтүп, “Күз фест 2024” мөмө-жемиштердин, айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулду.
Ошондой эле жайкы театрда Ош шаардык маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин концерттик программасы тартууланды.