“Идеастан” аталышында өткөн талкууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, жалпысынан 60га жакын жаш активисттер жана эксперттер катышышты.
Дискуссиянын жүрүшүндө Ош шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жана жаштар саясатында болуп жаткан актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооптор болуп, шаарыбыздын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар берилди.
Иш-чара калаадагы негизги көйгөйлөрдү аныктоого, жаштардын баарлашуусун түзүүгө, биргелешип чечимдерди иштеп чыгууга, демилгелерди ишке ашырууга багытталган.
12-август – “Эл аралык жаштар күнүнө” карата өткөн иш-чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгү жана “Новый Ритм” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.