Бүгүн, 20-декабрда С.Ибраимов атындагы драма театрында “Энергетика тармагынын 90 жылдыгына” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев катышып, энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле шаардагы бир нече энергетика ишканаларына ыраазычылык баракчалары, материалдык колдоо иретинде акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле, Ош электр тармактар ишканасынын кызматкерлери арасында жалпы 10 команда түзүлүп, ыр, бий жана суроо-жооп сынактары уюштурулду. Жеңүүчүлөр акчалай сыйланышты.