Ош шаарында спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча XI Эл аралык турнир болуп өттү.
Жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чарага Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген 150гө жакын спортчу катышты.
Алар 14 салмактык категорияда күч сынашты.
Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.