Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому кабыл алынып, токтомго ылайык, “Ош шаарынын мэриясынын мунипалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шарттында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо жана “Ипотекалык кредиттөө шарттында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы.
Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү №128
Сунуштар жана сын-пикирлер үчүн байланыш телефон: (03222) 7-01-25.