Ош шаарында «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына” карата Ош шаарынын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрүнүн арасында жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча X кайрымдуулук турнири өттү.
Турнирге, КР Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарында аккредитацияланган чет өлкөлүк консулдук мекемелердин, эл аралык уюмдардын, Кара-Суу дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын жаш жана бүтүрүүчү (жалпы 8 команда) командалары катышышты.
Турнирдин жыйынтыгында:
1-орунду – Ош шаарынын мэриясынын командасы;
2-орунду – Казакстан Республикасынын Башкы консулдугунун командасы;
3-орунду – Россия Федерациясынын Башкы консулдугунун командасы ээледи.
Жеңүүчү деп табылган команда кубокту Кара-Суу дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын командасына ыйгарышты. Аталган мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.