КР Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Ош шаарынын мэриясынын протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистеринен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Ош шаарынын калкынын арасында тамак-аштан уулануунун алдын алуу багытында, коомдук тамактануучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталуусу боюнча жеринде көзөмөлдөө, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган менчик ээлерине тиешелүү протоколдук эскертүүлөр берилди.
Көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланат.