Бүгүн, “Бабур” атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилери, кварталдык комитеттер, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин, Ош шаарынын казыятынын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Форумда Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин окуучулары тарабынан “Зордук зомбулукка жол жок” аталыштагы кыска спектакль коюлуп, орчундуу маселелер жана аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамалар жасалды.
Соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынып, укук бузуулардын алдын алууда жетишкендиктери үчүн артыкчылыкка ээ болгон бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.