Бүгүн, 13-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгын башчысы Даниэль Рысалиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын, прокуратуранын, күч түзүмдөрүнүн, көзөмөл органдарынын, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чарада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилип, 2024-жылга карата коррупцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча атайын видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Ошондой эле, таза иштөө жана ак ниет кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгү боюнча айтылып, коомдогу коррупцияны азайтууга багытталган аракеттер мындан ары да улантылары белгиленди.